Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. Саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Эл аралык маанидеги ири иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарында бир катар көчөлөрдө транспорт кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Буга байланыштуу 1-сентябрь Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп белгиленди. Бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мындай чечим министрлер кабинетинин токтому менен кабыл алынганын билдирди. Ал эми жеке менчиктеги уюмдар үчүн 1-сентябрды эс алуу күнү катары белгилөө сунуштамалык мүнөзгө ээ.
Ал эми 31-август – Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү – мыйзамга ылайык иш эмес майрам күнү болуп саналат.
Бишкекте кайсы жолдордо чектөө болот?
Бишкек шаарында 30-августтан тарта айрым жол тилкелеринде транспорт кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
- Манас көчөсү "Манас" эл аралык аэропортунан Чүй проспектине чейин (мурдагы Васильевский тракт көчөсү);
- Чүй проспекти Манас көчөсүнөн (мурдагы Фучик көчөсү) Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин (мурдагы Манас проспектиси);
- Чыңгыз Айтматов проспекти Чүй проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин;
- Жибек жолу проспекти Манас көчөсүнөн (мурдагы Фучик көчөсү) Жусуп Абдрахманов көчөсүнө (мурдагы Байтик баатыр көчөсү) чейин;
- Жусуп Абдрахманов көчөсү (мурдагы Байтик баатыр көчөсү) Жибек жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин;
- Аалы Токомбаев проспектиси Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн (мурдагы Байтик баатыр көчөсү) Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин.
“Бишкек Аренага” шаттл-автобустар каттайт
Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган 31-августта көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында “Бишкек Аренага” атайын шаттл-автобустар уюштурулат.
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, шаттл-автобустар шаар боюнча атайын аныкталган 21 жерден каттайт.
Жарандарга иш-чаралар өтүп жаткан күндөрү жолдордогу убактылуу чектөөлөрдү эске алып, мүмкүн болушунча коомдук транспортту пайдалануу жана каттамын алдын ала пландаштыруу сунушталат.