Бишкек, 05.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн республикалык кароо-сынактардын жыйынтыгында ”Бишкек Ордо” бир катар байгелүү орундарга жана калыстар тобунун атайын сыйлыктарына ээ болду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн Кырчын жайлоосундагы ”Көчмөндөр ааламы“ этношаарчасында Көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын салтанаттуу жабылыш аземи өтүп, сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Жыйынтыгында ”Бишкек Ордо” төмөнкү сыйлыктарга ээ болду:
- ”Бий ыргак“ — Гран-при;
- ”Көчмөн кайрык” — II орун;
- ”Жыгаччылык“ — II орун;
- ”Саркеч” — III орун;
- ”Көнчүлүк” — III орун;
- ”Мыкты кыргыз боз үй” — III орун;
- ”Темирчилик жана зергерчилик” — калыстар тобунун атайын сыйлыгы;
- ”Шамдагайлар” — калыстар тобунун атайын сыйлыгы;
- ”Каада-салттар” — калыстар тобунун атайын сыйлыгы.
Белгиленгендей, бул жетишкендиктер ”Бишкек Ордонун” улуттук каада-салттарды, элдик кол өнөрчүлүктү, музыкалык жана хореографиялык өнөрдү сактоо жана жайылтуу багытындагы эмгегинин жыйынтыгы болду.