"Бала Береке" жөлөк пулу. Бир жолку төлөмдүн өлчөмү аныкталды

Экономика Загрузка... 07 Октябрь 2025 10:55
WhatsApp_Image_2025_8BPAyCA.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 07.10.25 /Кабар/. Министрлер кабинети Кыргызстандын бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге "Бала Береке" бир жолку жөлөк пул берүүнүн тартибин бекитти.

2026-жылдын 1-январынан кийин төрөгөн энелерге бир жолку “Бала Береке” жөлөк пулунун өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленген:

  • 4-балага – 100 000 (жүз миң) сом;
  • 5-балага – 600 000 (алты жүз миң) сом;
  • 6-балага – 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
  • 7-балага – 1 000 000 (бир млн) сом;
  • 8-балага – 1 200 000 (бир млн эки жүз миң) сом;
  • 9-балага – 1 500 000 (бир млн беш жүз миң) сом;
  • 10 же андан кийинки балага – 2 000 000 (эки млн) сом.