Кожомкул айылындагы таштанды төгүүчү жайда өрт чыгып, күнөөлүүлөргө айып салынды

Коом Загрузка... 24 Октябрь 2025 10:07
68fa18e1c3799_1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. 22-октябрда Кожомкул айылындагы таштанды төгүүчү жайда өрт чыккан. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу маалыматтар социалдык тармакта жана маалымат каражаттарында тараган.

Кийинки күнү, 23-октябрда Айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору текшерүү жүргүзүү жана өрттүн себебин аныктоо үчүн окуя болгон жерге барышкан.

Текшерүү учурунда өрт болжол менен 50 чарчы метрди каптаганы аныкталган. Текшерүүдөн кийин, таштанды полигонун иштетүү учурунда экологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн жооптуу тарапка административдик протокол түзүлүп, 23 000 сом айып салынган.

Мындан тышкары, муниципалдык ишкананын жетекчилиги менен экологиялык коопсуздук стандарттарын сактоо зарылдыгы боюнча алдын алуу жыйыны өткөрүлдү. Анда мындан ары өрттүн чыгышына жана аймакка уруксатсыз кирүүгө жол бербөө үчүн кире бериштерге видеобайкоо, бекемделген тосмолорду орнотууга тапшырма берилди.