Москвадан Кыргызстанга "Эстелик оту" алып келинди — Кабар

Москвадан Кыргызстанга "Эстелик оту" алып келинди

Улуу Жеңишке 80 жыл 7 май 2025 10:30
WhatsApp_Image_m8nCFOd.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_0VVTdvd.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_A9Zk9dH.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_BIbn8rM.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_gB299qK.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_HVgepMR.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_MeXDj0A.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_oX35IT5.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_qRldHx4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_RxyA42I.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.05.25. /Кабар/. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай 6-майда Кыргызстанга Кремлдин дубалындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинди.

Аны тапшыруу аземи 6-майда Бишкектеги "Баатырлар аллеясы" мемориалдык комплексинде жана Ош шаарындагы Өчпөс оттун алдында өттү.

Бишкектеги иш-чарага Жогорку Кеңештин жана Россиянын Федерация Кеңешинин депутаттары, борбор калаанын мэринин биринчи орун басары Мирлан Байгончоков, Кыргызстан элинин ассамблеясынын өкүлдөрү, республиканын жаштар жана издөө кыймылдарынын мүчөлөрү, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов катышты. “Эстелик оту” россиялык космонавт Дмитрий Петелин тарабынан Кыргызстандын Башкы штабынын жетекчилигине, ошондой эле Кыргызстандын патриоттук кыймылдарынын жана эскерүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнө тапшырылды. Ал эми Ошко отту Олимпиада чемпиону, Россиянын лыжа тебүү федерациясынын президенти Елена Вялбе жеткирди.

Кыргызстан “Эстелик оту” жеткирилген дүйнөдөгү 20 өлкөнүн катарына кирди. Акциянын алкагында Өчпөс оттун чырактары Жалал-Абад облусуна жана өлкөнүн башка аймактарына жеткирилди. Ар бир жердеги от ​​Жеңиш күнүнө арналган эскерүү иш-чараларынын бир бөлүгү болуп калат. Быйыл иш-чара Кыргызстанда төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат.

“Эстелик оту” акциясы 5-майда Москвадагы Александр бакчасында башталган эл аралык демилгенин алкагында өтүүдө. Иш-чара Россотрудничествонун колдоосу менен “Элдик фронт” коомдук кыймылы тарабынан уюштурулууда.