КНСтин төмөндөшү керектөөчүлөргө жана дыйкандарга пайда алып келет — серепчи

Пикир Загрузка... 14 Октябрь 2025 15:50
WhatsApp_Image_2025_eZEnwOV.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Айыл чарба продукциясына КНСтин (кошумча нарк салыгы) 2030-жылдын 1-январына чейин төмөндөтүлүшү өлкөнүн агроөнөр жай комплексин стимулдаштырып, атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Кошумча нарк салыгы — кыйыр салык болуп саналат. Эсептөөлөр сатуучу тарабынан товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, мүлктүк укуктарды) сатып алуучуга сатууда жүргүзүлөт. Ал эми, жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө, кошумча нарк салыгын (КНС) сатып алуучу төлөйт, бирок сатуучу отчёт берип, бюджетке акча төлөйт. Ошондуктан, бул салыктын төмөндөшүнөн, биринчи кезекте сатып алуучулар утушка ээ болушат дейт, экономика жаатындагы серепчи Сергей Пономарев “Кабар” агенттигине берген комментарийинде.

“Салык мыйзамдарын өзгөртүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ал жакта бизнес ассоциациялар жумушчу жолугушууда соода аянтчалары үчүн КНСтен 80% чейин төмөндөтүү сыяктуу чараларды киргизүү зарылдыгы жөнүндө айтылган.

Бул, албетте, биздин айыл чарба өндүрүүчүлөрдү соода түйүндөрү сыяктуу соода аянтчалары менен иштөөгө түрткү берет. Ал жака продукцияларды жеткирүүгө жана ошого жараша продукция арзаныраак болушу мүмкүн, анткени Кыргызстанда КНС - кошумча нарк салыгы жүгүртмө салыгы болуп саналат. Эгерде айыл чарба өндүрүүчүсү шарттуу түрдө 100 сом турган товарды жеткирсе, анда соода түйүндөрү сөзсүз түрдө 12% КНС кошушу керек, андан сырткары сактоо, электр энергиясы, эмгек акы, маркетинг жана башка чыгымдар дагы кошулат.

КНСтин 12 пайыз ставкасын 80%га чейин төмөндөтүү, албетте, бул абдан маанилүү. Бул биринчи кезекте сатып алуучуга пайдалуу болот. Ошондуктан бизнес коомчулугу мындай чараны колдойт. Өкмөт жана парламент бизди укканына рахмат айтабыз. Натыйжада, биринчи кезекте керектөөчүлөр гана эмес, биздин айыл чарба өндүрүүчүлөрүбүз, ошондой эле соода аянтчалары да утушка ээ болот.”- дейт серепчи.