Бишкек, 18.10.25 /Кабар/. “Кошой” кант заводу быйыл болжол менен 170-180 миң тонна кант кызылчасын кайра иштетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу заводдун директору Павел Немченко билдирди.
"Болжол менен 22-23 миң тонна кумшекер өндүрөбүз деп жатабыз. Былтыр 48 миң тонна өндүрүлгөн", - деди Немченко.
Анын айтымында, завод жыл бою иштөөгө жөндөмдүү. Кайра иштетүү мезгили аяктагандан кийин заводдо ремонттор башталат.

"Өндүрүш мезгили болжол менен эки айга созулат. Калган айларда завод кайра иштетүүгө даярданат", - дейт заводдун жетекчиси.
Ошондой эле Немченко белгилегендей, ишкана Сокулук районунун тургундарын туруктуу жумуш менен камсыз кылат.
"Кант кызылчасын кайра иштетүү мезгилинде үч кызылча кабыл алуу пунктун кошкондо 600гө жакын адам иштейт. Техникалык тейлөө мезгилинде 400 адам иштейт. Сезондогу орточо эмгек акы 45-55 миң сом, ал эми тейлөө мезгилинде 35-45 миң сомду түзөт", - деп кошумчалады ал.