Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданий байланышты чыңдоого багытталган "Кош канат – Кос канат" эл аралык теледолбоору ТҮРКСОЙдун атайын сыйлыгына татыды.
ТҮРКСОЙдун катчылыгынан билдиришкендей, сыйлык долбоордун автору, кыргызстандык продюсер Нуриза Чынтемировага Түркиянын Трабзон шаарында өткөн Түрк дүйнөсүнүн III Жаштар форумунда тапшырылды.
2026-жылдын 17-21-октябрында өткөн форумга 21 өлкөдөн 150гө жакын жаш лидер, медиа адис жана демилгечи катышты. Анда санариптик технологиялар жана жасалма интеллект доорунда түрк элдеринин маданиятын, каада-салтын сактоо маселелери талкууланды.