Кош бойлуу аялдарды төрөт үйүнө жеткирген жол тескөөчүлөр сыйланды

Коом 507 30 Сентябрь 2025 10:55
555838014_18428351710100985_4939156393219127728_n.jpg
557937407_18428351791100985_1064410925846753501_n.jpg
556193455_18428351761100985_4159831313174501530_n.jpg
558277682_18428351764100985_98801602071428401_n.jpg
558011711_18428351731100985_488389390134151309_n.jpg
556309007_18428351719100985_8082860971289370628_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков өз кызматын мыкты аткарган жол тескөөчүлөрдү сыйлады.

Ведомстводон билдиришкендей, ал жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо ырааттуу иштеп, калктын ыраазычылыгына татыган кызматкерлердин ишин жогору баалап, алардын өзгөчө кырдаалдарда көрсөткөн аракеттерин белгилеп өттү.

Атап айтканда, Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери кош бойлуу айымдарды төрөт үйлөрүнө жеткирип, жаш наристелердин аман-эсен жарык дүйнөгө келишине көмөк көрсөткөн учурлары үчүн өзгөчө белгиленди.

Жоробеков бул аракеттерди чыныгы кызматтык эрдик катары баалап, мындай үлгүлүү кызматкерлерди башка кесиптештерине өрнөк болууга чакырды.