Корумду — Балбай баатыр жолунун 78 чакырымына асфальт төшөлдү

Аймак Загрузка... 10 Ноябрь 2025 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. Ысык-Көл айланма жолунун Корумду — Балбай баатыр тилкесинде бир катар жол иштери аяктап, 78 чакырым асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, аталган жол тилкесинин алдыңкы катмары жана 20 чакырым асфальттын үстүңкү катмары тɵшɵлдү. Ошондой эле жер негизин даярдоо, суу ɵткɵрүүчү түтүктɵрдү орнотуу жана 16 кɵпүрɵнүн курулушу 90% га аяктады. Учурда вело жолдорду куруу, жол жээгин бекемдɵɵ иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, автожол 4 тилкелүү болуп, ортосу темир тосмолор менен тосулат. Андан сырткары, долбоордун алкагында жарыктандыруу, жашылдандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, эс алуу зонасы жана унаа токтотуучу жайлар курулат.