Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай баатыр тилкесинде асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Муну менен катар тротуарлардын жана веложолдун негизин даярдоо, ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө долбоордук тилкенин узундугу боюнча 79,2 чакырым аралыкта асфальттын төмөнкү катмары жана 44 чакырым аралыкта асфальттын үстүнкү катмары төшөлүп бүттү. Мындан тышкары, 14 көпүрөнүн жана 2 жер алдындагы өтмөктүн курулушу жана реконструкциясы дээрлик аяктады.
Ошондой эле негизги жолдо 234 даана суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулушу толугу менен бүткөрүлдү.
Белгилей кетсек, аталган жолдун курулушу 2024-жылдын 1-апрелинде башталган.
Долбоордо унаа жолун 4 тилкеге чейин кеңейтүү, тротуар жана веложол куруу, ошондой эле 14 көпүрө, 2 жер астындагы өтмөк жана 877 суу өткөрүүчү түтүктүн курулушу каралган.