Корумду – Балбай баатыр жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Аймак 1780 27 Март 2026 16:22
656746034_1252834967025247_8516350644480390586_n.jpg
656969609_1252834963691914_1292015562783203424_n.jpg
657236089_1252834950358582_3338417943833315716_n.jpg
656658651_1252834940358583_7737436777299745605_n.jpg
Алдыга
Артка
656746034_1252834967025247_8516350644480390586_n.jpg
656969609_1252834963691914_1292015562783203424_n.jpg
657236089_1252834950358582_3338417943833315716_n.jpg
656658651_1252834940358583_7737436777299745605_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Ысык-Көл айланма жолунун Корумду — Балбай баатыр тилкесине асфальт-бетон катмарынын экинчи катмарын төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга катар тротуарлардын жана веложолдун негизин даярдоо, ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, жолдун бул тилкеси 17 калктуу конуш аркылуу өтөт. Реконструкциялоо иштеринин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бардык техникалык талаптар сакталууда. Ошондой эле тиешелүү тилкелерге убактылуу багыт берүүчү элементтер жана жол белгилери орнотулган.

Маалымат үчүн: "Ысык-Көл айланма жолунун Корумду — Балбай баатыр тилкесин реконструкциялоо" долбоору боюнча курулуш иштери 2024-жылдын 1-апрелинде башталган. Долбоордо унаа жолун төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуарларды жана веложолду, ошондой эле 2 жер астындагы өтмөктү, 14 көпүрөнү жана 877 суу өткөрүүчү түтүктү куруу каралган.

2025-жылдын курулуш мезгили башталгандан бери 79,2 чакырым аралыкка асфальттын төмөнкү катмары, ал эми 20,7 чакырымга жогорку катмары төшөлдү. Мындан тышкары, 14 көпүрөнүн жана 2 жер астындагы өтмөктүн курулушу жана реконструкциясы дээрлик аяктады.