Корумду – Балбай баатыр жолу: Асфальттын төмөнкү катмары толук төшөлүп бүттү

Аймак Загрузка... 13 Апрель 2026 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Жалпы узундугу 79,3 чакырымды түзгөн Корумду – Балбай баатыр стратегиялык унаа жолун жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда асфальт-бетондун төмөнкү катмары толук төшөлүп бүттү.

Ошондой эле 27,3 чакырым аралыгына жолдун жогорку бышык катмары (ЩМА) басылды.

Инфраструктураны жакшыртуу алкагында 14 көпүрөнүн жана 2 жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнүн курулушу дээрлик аяктоо алдында турат.

Ал эми негизги жолдогу 234 суу өткөрүүчү түтүк толугу менен орнотулду.

Мындан тышкары, жолдун четтериндеги тротуарларда, велосипед жолдорунда жана кошумча жолдордо суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери улантылып, план боюнча каралган 650 түтүктүн 221и даяр болду.

Учурда тротуарларды жана велосипед жолдорун куруу иштери активдүү фазада турат.