Коррупцияны жоюуда санариптештирүү маанилүү роль ойнойт – Тилек Саякбаев

Пикир Загрузка... 03 Июль 2025 18:40
WhatsApp Image 2025-07-03 at 18.06.00.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Коррупцияны жоюуда санариптештирүү маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу коррупциялык тобокелдиктерди баалоо боюнча эксперт Тилек Саякбаев “Кабар” маалымат агенттигинин “ Талдоо time” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын баары санариптештирилиши керек. Ошондо гана кайсы мамлекеттик кызматкердин чөнтөгүнө канча каражат түшүп, кайсыл жакка жумшалып жаткандыгы тууралуу ачык-айкындуулук жаралат.

“Санариптештирүү иштери башталып, бирок аягына чыкпай калды. Мындан сырткары, биз коррупция менен күрөшүүдө чет мамлекеттердин тажрыйбаларына таянсак абдан жакшы болмок. Мисалы, мага Кытайдын тажрыйбасы абдан жакты. Ал жакта жумушка кирип жаткан мамлекеттик кызматкерлерди кызматка кирердин алдында түрмөгө алып барып, коррупция менен кармалып, камалып жаткан кесиптешин көрсөтөт экен. Ал жерден алардын оор турмушун көргөн мамлекетттик кызматкерлердин 25%ы мындай жумушка барбайм деген чечимге келишет экен. Кытайлык адистердин айтымында, бул тажрыйба учурда ийгиликтүү ишке ашып жатыптыр. Түрмөгө биз алып барбай эле коелу бирок, ошого окшош ыкмаларды жасап көрсөк болот”,-деди ал.

Ошондой эле Саякбаев белгилегендей, коррупциянын алдын алуу үчүн атайын өлкөдө мамлекеттик орган болушу керек болчу.

“Жакында эле өлкө башчысы бул кызматты Башкы прокуратурага жүктөдү. Кандай иш алып барарын эми көрөбүз. Негизи алдын алуу иштери канчалык салмактуу болсо, ошончо коррупциянын өзөгү азаят”,-деди ал.