Коррупциялык схема түзүп алган мамлекеттик кызматкерлер кармалды

Укук тартиби 26 ноябрь 2025 18:08
WhatsApp Image 2025-11-26 at 15.43.13 (6).jpeg
589637689_1350273886880427_8753030035732363515_n.jpg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 15.43.24 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 15.43.16 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-11-26 at 15.43.13 (6).jpeg
589637689_1350273886880427_8753030035732363515_n.jpg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 15.43.24 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 15.43.16 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Системалуу түрдө пара алуу боюнча мыйзамсыз схеманы уюштурган бир катар мамлекеттик кызматкерлер кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында аныкталган маалыматтарга ылайык, мыйзамсыз схема Калкты каттоо департаментинин мурдагы директору А.Т.Ж., Биринчи май районунун Калкты тейлөө борборунун башкы адиси П.А.Т., Октябрь районунун Калкты тейлөө борборунун жетектөөчү адиси А.М.М., "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкери Т.А.Ш. жана М.А.К. аттуу ортомчу жарандын катышуусунда уюштурулган.

Алар мамлекеттик кызматтар боюнча Калкты тейлөө борборлоруна кайрылган жарандардан, анын ичинде чет элдиктерден көрсөткөн кызматтары үчүн мыйзамсыз акча каражаттарын алып турушкан.

Алдын ала иштелип чыккан схемага ылайык, ортомчулар кардарларды таап, аларга документтерди тариздөө иштерин кезексиз, кыска убакта бүткөрүп берүүнү сунушташкан. Бул үчүн алар көрсөтүлгөн кызматтардын мүнөзүнө жараша 100 дөн 10 000 долларга чейинки акчалай сыйлык талап кылышкан. Андан соң мыйзамсыз алынган акча каражаттары аталган топтун катышуучуларынын арасында бөлүштүрүлгөн.

Мыйзамсыз схеманын баардык катышуучулары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.