Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип, акыркы 5 жылда коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасында 300 млрд сомдон ашык мал-мүлк, акча каражаттары мамлекетке кайтарылгандыгын билдирди. Андан тышкары, миңден ашык ар түрдүү ишкана, мекеме, объектилер, 30 миң гектардан ашык жер кайра мамлекеттин менчигине өткөнүн маалымдады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ушул жылдын башында коррупцияга айыпталгандарга карата жазаны катаалдаштыруу “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы күчүнө кирген. Ага ылайык, “коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынган. Ал гана эмес жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштей албайт. Бул мыйзам УКМК тарабынан иштелип чыгып, комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев алдыдагы эки жылда өлкөдөгү коррупцияны толук жоюу ниетин билдирген.

"2025-жылды коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу жаңы мыйзам менен аягына чыгарып жатабыз. Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 30-декабрында коррупцияга жазаны күчөткөн бул мыйзамга кол коюп, ушул жылдын 21-январында күчүнө кирген. Бул убакыттан кийин жасалган коррупциялык элементтерге байланышкан кылмыштар болсо, бул катаал мыйзамдын негизинде жоопко тартылат. Мындан ары бир да коррупционер, мамлекетке зыян келтиргендер камактан кутула албайт. Өзү түрмөгө түшсө, бала-чакасы, жакын туугандары мамлекеттик кызматта иштеген болсо, кызматтан алынат. Кыргызстанда буга чейин жемкорлукка айыпталгандар айып пул төлөп, эркиндикке чыгып кеткен учурлар болгон. Эми ошонун баары өзгөрүп, жаңы мыйзамда күнөөлөнгөн адам өз күнөөсүн мойнуна алса да, тергөө менен кызматташса да, келтирилген зыянды ордуна койсо да коррупциялык беренеде каралган мөөнөттүн жарымын сөзсүз камакта өткөрүшү керек. Коррупцияга каршы мыйзамдардын беренелери 7 жылдан жогору”,- деди Ташиев.
Коррупцияны жоюу багытында ири иш-аракеттер жүргөнү менен Кыргызстан жемкорлуктун рейтингинде беш баскычка артка кеткен. Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарган. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашты. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган эле. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн болмокчу.

Бирок, коррупциянын рейтингин аныктаган кээ бир эл аралык уюмдар өздөрү коррупциялашканын УКМК төрагасы маегинде ачык айтты. Анын пикиринде, Кыргызстандын коррупцияга каршы күрөшүү рейтинги кыйла жакшырыш керек болчу, бирок эл аралык уюмдарга анын кереги жок болду.
“Дүйнөдөгү коррупциянын рейтингин чыгарган уюмдар биздин өлкөнүн аброюн бир нече тепкичке кайра түшүрүштү. Эми ал рейтингдер эч нерсени өзгөртпөйт. 2020-жылга чейинки коррупциялык көрүнүштөрдүн абалы менен азыркы коррупциялык элементтер менен абалды салыштыруу мүмкүн эмес. Биз кыйла өзгөрдүк, коом менен мамлекеттик органдар өзгөрдү. Коррупцияга байланыштуу мыйзамдарды катаалдаштырдык. Азыр коррупция ылдыйкы ченемдерде азыраак болуп жатат. Бирок, аларга мыйзам таасирин берет”, - деди Камчыбек Ташиев.
УКМК төрагасы билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан мурдагы союз мамлекеттердин арасында коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча эң алдыңкы орунда турат.

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда коррупцияны кабылдоо индекси 35,2 баллга чейин өскөндүгү Улуттук статистикалык комитеттин жарым жылдык отчетунда айтылган. Индекс -100дөн +100гө чейинки балл менен бааланат. Ал канчалык жогору болсо, ишеним ошончолук чоң болот. Улутттук статистика комитети сурамжылоону өлкөнүн бардык аймактарында 18 жаштан 75 жашка чейинки 3,6 миң адамдын арасында жүргүзгөн. Акыркы маалыматтар коррупциялык тобокелдиктердин азайгандыгын айгинелейт.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалыматына боюнча, 2024-жылы коррупция боюнча биринчи инстанциядагы соттор 367 кылмыш ишин карап чечим чыгарган. Натыйжада 582 адам соттолуп, 76 кишини актоо тууралуу өкүм чыккан. 116 адамга карата же 64 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Маалымдалгандай, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында жемкорлук боюнча 278 кылмыш иши козголуп, анын 21 сотко өткөн. Калгандары боюнча тергөө иштери уланып жатканы белгилүү болду.
Өлкөдө акыркы жылдары коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын негизги багытына айланды. Кайтарылган ири каражаттар миңдеген объектилер өлкө казынасын толуктап, кыйла катаалдашкан мыйзамдык база коррупцияга айыпталгандарга жана алардын жакындарына карата болуп көрбөгөндөй чектөөлөрдү киргизди.