Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын ар бир пункту ишке ашса, коррупция жоюлат - Даутов

Пикир Загрузка... 03 Июль 2025 18:30
WhatsApp Image 2025-07-03 at 17.36.11.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын ар бир пункту ишке ашса, өлкөдө коррупция жоюлат. Бул тууралуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин өкүлү, эксперт Ялкун Даутов “Кабар” маалымат агенттигинин “Талдоо time” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коррупция токтобой келет. Ал эми күн сайын жүргүзүлүп жаткан кармоолор жана камоолор коррупцияга каршы күрөштүн токтобой жатканын айгинелейт. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында жакында эле Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия бекитилген.

“Анда бир нече пункттар каралган. Эгерде ошол пункттардын баарын аткаруу үчүн жарандык коом, Башкы прокуратура, президентке караштуу бөлүмдөр баарыбыз жапа тырмак иш алып барсак, биз жакында коррупциялык терс көрүнүштөрдү жок кыла алабыз”,-деди ал.

Даутов ошондой эле өлкө башчысы кызматка киришкен күндөн тарта мамлекеттик кызматкерлерге, өзгөчө муниципалдык органдарда жана укук коргоо тармагында иштегендерге карата жогорку талаптарды коюп келерин кошумчалады.

“УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да коррупция менен аёосуз күрөшөрүн белгилеген. Ага ылайык, учурда аймактарды кыдырып эскертүү берүүдө. Аны менен катар жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн жеринде чечкени аракет кылып жатат.

4 жыл ичинде биздин бир топ мамлекеттик кызматкерлер коррупция менен кармалып, камалды. Тагыраагы биз учурда 30 жыл ичинде түптөлгөн терс көрүнүштөр менен күрөшүп жатабыз. Тилекке каршы бирок коррупция азайган жок. Аймактарда биздин өкүлчүлүктөр бар. Ал жерлерде дайым мониторинг жүргүзүп турабыз. Мониторингдин жыйынтыгы бизге коррупциялык схемалардын жоюлбаганын көрсөтүп турат. Тагыраагы, учурда коррупциялык схема дагы эле бар. Мамлекет тарабынан абдан жакшы каражаттар бөлүнүп жатат. Бирок, коррупция жоюлбай жатат.

Аларды президент өзү бекитип жаткандыктан алар түздөн-түз өлкө башчысын уятка калтырып жатышат. Мындан улам күздөн тарта президент тарабынан мамлекеттик кызматкерлерди коюуда атайын комиссиялык курам түзүлөт. Алар мэр, аким, облус башчы баарын текшере алышат.

Биз өлкө башчысына KPI системасын киргизүүнү сунуштап жатабыз. Аталган системаны киргизүү, укук коргоо органдарын көзөмөлгө алуу бүгүнкү күндүн талабы. Анткени башка мамлекеттерде бул системалар абдан жакшы натыйжа берип иштеп жатат”,-деди ал.