Айланма экономика ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жол ачат – Абдыров

Пикир
Айланма экономика ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жол ачат – Абдыров

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Ресурстар азайып, алардын көлөмү чектелүү болгон азыркы шартта өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүү үчүн аларды натыйжалуу пайдаланууга көңүл буруу зарыл, мында айланма экономика экология жана калдыктарды кайра иштетүү менен гана чектелбестен, экономиканын өтө маанилүү маселеси болуп саналат. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө айланма экономика маселеси өзгөчө мааниге ээ.

“Бул маселе Бишкекте өтүп жаткан “Кытай – Борбор Азия” аналитикалык борборлорунун VI форумунда да көтөрүлүүдө. Азыр ресурстардын көлөмү азайып, алардын чектелүү экени айкын. Мындай шартта өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүүдө ресурстардын бардык түрүн пайдаланууга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Циркулярдык экономика экология жана таштандыларды кайра иштетүү менен гана чектелбейт. Бул — экономиканын өтө маанилүү маселеси. Ошондуктан форумдун алкагында ресурстарды пайдалануунун жаңы ыкмаларын киргизүүгө жана өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө багытталган ар кандай маселелер каралат. Мунун максаты — өлкөлөрүбүздө көйгөй жараткан кемчиликтерди азайтып, тескерисинче, экономикалардын туруктуу өнүгүшүнө натыйжалуу шарт түзүү”, — деди экономист.

Эксперт Кыргызстан башка мамлекеттер менен өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүп, кошумча нарк чынжырларына кирүүсү керектигин белгиледи. Анын түшүндүрмөсүндө, бул даяр товарды өлкө ичинде өндүрүп, андан ары чет өлкөгө жөнөтүү менен эле чектелбейт. Кеп өндүрүштүн ар кандай баскычтарын өлкөлөр ортосунда өз ара байланыштырууда турат.

“Экономикалык кызматташтыкта өлкөлөрдүн бири-бири менен кооперация түзүп, өз ара аракеттенүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүүнү сунуштайм. Кыргызстан ар кандай кошумча нарк чынжырларына катышуусу керек. Кошумча нарк түзүү деген товарды биздин өлкөдө иштетип, андан кийин чет жакка жөнөтүү гана эмес. Маселе — өндүрүш процесстерин өз ара кантип байланыштырабыз мына ошондо. Бир тарап продукция өндүрсө, экинчиси чийки зат же кайра иштетилген материалдарды жеткирет, дагы бири аны сатат же андан ары кайра иштетет. Материалдарды ыргытып же жок кылуунун ордуна, кайра иштетип, өндүрүшкө кайрадан киргизүү зарыл”, — деди Абдыров.

Ал айланма экономиканы өнүктүрүүдө Кытайда колдонулуп жаткан технологиялардын маанилүүлүгүн белгилеп, аларды Кыргызстанда да пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керектигин айтты.

“Айрыкча агроөнөр жай комплексинде мындай мүмкүнчүлүктөр бар. Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү учурунда көп сандагы калдыктар пайда болот. Алардын көлөмүн азайтып, кайра иштетүү үчүн тиешелүү технологиялар жана жабдуулар керек. Курулуш тармагында да ушул сыяктуу мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, курулуштан чыккан бетонду майдалап, кайра иштетүүгө, металлды жана арматураны кайра пайдаланууга болот. Муну кантип ишке ашыруу керектигин көрсөткөн технологиялар жана жабдуулар бар”, — деп түшүндүрдү эксперт.

Төлөнбек Абдыровдун пикиринде, айыл чарба, курулуш жана башка тармактардагы кайра иштетүү процесстерин бирдиктүү өндүрүш циклине бириктирүү зарыл. Мындай жабык цикл ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

“Мунун баарын бир системага бириктирип, айланма экономиканын жабык өндүрүш циклин түзүү зарыл. Мындан Кыргызстан гана эмес, Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү жана Кытай да пайда көрүшү керек”, — деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.