Кайыргүл Сартбаева талантын да, адамдык сапатын да сактай алды – курбусу

Пикир
Кайыргүл Сартбаева талантын да, адамдык сапатын да сактай алды – курбусу
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.26 /Кабар/. Кайыргүл Сартбаева талантын да, адамдык сапатын да сактаган инсан болду. Ал бийик адамгерчилиги жана мээримдүүлүгү менен айырмаланып турчу. Бул тууралуу анын курбусу “Кабар” агенттигине ырчы менен коштошуу зыйнатында билдирди.

Анын айтымында, алар интернатта жашап, бирге билим алышкан. Ошондон тартып өмүр бою жакын мамиледе болуп, дайыма бири-бирин колдоп келишкен.

“Кайыргүл абдан адамгерчиликтүү эле. Бирөө жардам сурап кайрылса, өзүнүн бардык ишин таштап, колунан келген жардамын берчү. Ал чынында эле легендарлуу аял болчу. Экөөбүз кайда болсок да чогуу жүрдүк. Ал кайда барса, мен да жанында болчумун”, — деп эскерди ал.

Ошондой эле курбусу Кайыргүл Сартбаеванын жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктар болгонун, бирок ага карабастан, ал адамдык сапатын жоготпой, чыгармачылыгын өмүрүнүн акырына чейин улантканын белгиледи.

“Кайыргүлдүн башынан көп кыйынчылык өттү. Ошого карабай, абдан жакшы адам бойдон калды. Кудай берген бактысын да, талантын да сактап, аны өстүрүп, өмүр бою элге кызмат кылды. Талантты баалап, аны өркүндөтүп, өмүрүнүн акырына чейин алып кете алган адамдар аз болот. Кайыргүл бүгүнкү күнгө чейин баарыбызга көңүл буруп, иштеп келди. Жаткан жери жайлуу болсун”, — деди ырчынын курбусу.