Коррупцияга каршы күрөш: мамлекеттик органдардын ишине баа берилди

Коом 302 30 Июль 2026 09:30
756768942_1534009705093278_4178916192950675049_n (1).jpg
756444323_990495664006354_8884137879289832538_n.jpg
757955002_2415184602301250_5054414220312529667_n.jpg
758377250_1345562370535089_3033212317053332115_n.jpg
758588533_1403547938344468_7198093007060178915_n.jpg
758831163_1431909008771172_8696537477361758849_n.jpg
758929704_1582176800189733_3165641835689493649_n.jpg
758951219_4678164379121525_2968384760650049749_n.jpg
759252339_2311493292591768_2516712211339122918_n.jpg
759768278_879051771907138_3387482660726250094_n.jpg
759849899_1001894466003517_8000636748316080852_n.jpg
760069605_1362763319376050_814337780817944055_n.jpg
760862173_2339574626852579_5919385505620360612_n (1).jpg
760862173_2339574626852579_5919385505620360612_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Күн мурун Башкы прокуратурада 2025-2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму өткөрүлдү.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, отурумга президенттин администрациясынын, президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин, сот, укук коргоо, контролдоочу жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Анда стратегиянын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аткарылышынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берилип, айрым иш-чаралардын өз убагында аткарылбай калышынын себептери жана аныкталган кемчиликтер талкууланып, аларды жоюу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү чаралар белгиленди.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы Залкарбек Акназаров мамлекеттик стратегияда каралган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, аны ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин баса белгилеп өттү.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн коррупциянын алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу, кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу жана ички коррупцияга каршы иштерди уюштуруу маселелери боюнча практикалык окутуу өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, мамлекеттик стратегия президенттин жарлыгы менен бекитилген. Аны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо Башкы прокуратура тарабынан жүзөгө ашырылат.