Коррупцияга каршы күрөш: Экономика министрлиги түз байланыш номерин эскертти

Коом Загрузка... 07 Июль 2026 12:55
news13872.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги мыйзамдуулук, ачыктык, ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик принциптерине негизделген коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды ырааттуу ишке ашырууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министрлик коррупцияга карата нөлдүк сабырдуулук принцибин карманып, анын алдын алууга багытталган комплекстүү чараларды көрүүдө.

"Ак ниеттүүлүк маданиятын калыптандыруу, ишмердүүлүктүн ачыктыгын камсыз кылуу жана коррупцияга каршы стандарттарды сактоо мамлекеттик органдын натыйжалуу иштешинин жана коомдун ишенимин чыңдоонун маанилүү шарттары болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик жарандарды коррупциялык көрүнүштөргө каршы бирге күрөшүүгө чакырат.

Белгиленгендей, эгер коррупциялык укук бузуулар же коррупцияга каршы мыйзамдардын башка талаптарынын бузулушу жөнүндө маалымат белгилүү болсо, төмөнкү ишеним телефону аркылуу билдире аласыз: (0312) 62-05-35 (кошумча: 5067).