Коррупцияга каршы күрөш. Аткаминерлер жемкорлукка аралашса, жоопко тартылары эскертилди

Коом Загрузка... 27 Июнь 2025 16:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Өлкөдө көп жылдардан бери коррупция күчөп, бул маселе коомчулукта айтылганы менен натыйжалуу иштер жүрбөй келгени маалым. 2020-жылдан бери жемкорлукка каршы аеосуз күрөш жүрүп, түп-тамырынан бери жок кылууга чечкиндүү иштер жасалууда.

Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин катчылыгынын башкы эксперти Радик Шабданов “Кабар” агенттигине билдиргендей, Кыргызстанда акыркы төрт жылда коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш жүрүп жатат. Иштер президенттин тапшырмасы менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан координацияланууда. Бул жылдар аралыгында укук коргоо органдарынын иши аркылуу тонолуп, уурдалып, менчиктештирилип, коррупциялык схемалар менен алынган мүлктөр кайра мамлекетке кайтарылды.

Ошондой эле Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин катчылыгынын башкы эксперти айыпталган жемкорлор жазаланып, ондогон кишилер камакка алынып жатканын айтты.

“Коррупцияга каршы кеңеш коррупцияга каршы иштерди аткаруу максатында УКМК, Башкы прокуратура, ИИМге өз көмөгүбүздү берип келебиз. Президент Садыр Жапаров былтыр кол койгон Коррупцияга каршы 2025-2030-жылдарга белгиленген иш планга ылайык, мамлекеттик кызмат адамдары коррупцияга шектелип кармалса, сот жообуна тартылып, үй-мүлкү конфискацияланат. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматта өзү, жакын туугандары иштей албайт.

УКМК төрагасы белгилебедиби, өлкөдө коррупцияга каршы күрөш башталганда алгач эскертүүлөр болду, андан соң камоолор, мыйзамдар катаалдашкандан бери мамлекеттик органдарда тазалануу жүрүп жатат. Азыр ар бир мамлекеттик органда өнүгүүгө багыт алган чоң реформалар болууда. Ротациялар аркылуу аким, прокурор, соттордун иштеген аймактары алмашты. Мыйзамдарга өзгөрүүлөр кирип, салык саясаты да бир жолго салынып жатат. Жарандарга турак жайлар курулуп, батирлер берилүүдө. Бир топ социалдык имараттар – бала бакча, мектептер жаңы курулуп, жолдор салынууда. Мамлекеттик кызматкерлердин статусун көтөрүү боюнча иштер жасалып жатат. Мындай жыйынтыктар өлкө өнүгүүсү үчүн коюлган талаптардын аркасында жетилүүдө", - дейт ал.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев саналуу күн мурда эле Чүй, Нарын региондорун кыдырып, жооптуу адамдар менен жолугушуп, аткарылган иштери бааланды. Кызматкерлерге тапшырма, эскертүү берип, айрымдары жыйын учурунда эле камакка алынды. Анын ичинде Токмок шаарынын мэри да бар.

УКМКнын маалыматы боюнча, Токмок шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына жана аткаруучу ишканалардын жетекчилерине карата сейил бакты көрктөндүрүү, ошондой эле шаардагы спорт мектебин оңдоо иштеринде, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иш козголду.

Спорт мектепти оңдоп-түзөө жана сейил бакты көрктөндүрүү иштери 2024-жылдын башында башталганы менен жумуштар ушул күнгө чейин аягына чыккан эмес. Спорт мектебинин имаратын капиталдык оңдоого тендердин суммасы 16 млн 400 миң сомду түзсө, ал эми сейил багын көрктөндүрүү үчүн 44 млн 283 миң сомду түзгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында “Н.М.О.”, “К.Т.Э.”, “Т.у.А.” жана “А.А.Э.” кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда республикалык бюджетке келтирилген зыяндын толук көлөмүн документтештирүү жана аныктоо максатында кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланып жатканы белгилүү болду.

“Токмок шаарына былтыр президенттин тапшырмасы менен 1 млрд сом бөлүнүп берилген. Ошол акчадан эч кандай натыйжа чыкпаптыр. Эми УКМК ушул каражаттын кайда кеткенин, пайдасын, зыянын толук изилдеп чыгат. Акимдер райондун борборлорунда, мэрлер шаардын ичинде жөө жүргүлө, ар бир метр жерди басып көрүп, суусунан баштап инфраструктурасына чейин карагыла. Губернатор эч карабайт экен. Сөзсүз түрдө президент тапшырма берип, мен келип, чогулуш өткөрүшүм керек беле?” - деп сындады Камчыбек Ташиев.

Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нарын шаарына да барды. Анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өтүп, облуста жасалып жаткан иштер талкууланды. Жыйынтыгында акимдерге мындан ары ишин улантуусу үчүн ойлонууга 3 күн убакыт берди. УКМК жетекчиси мындай сунушту Чүй облусунда мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушканда да айтканын баса белгиледи.

“Иштешиңер керек же кетишиңер керек! Мамлекеттик кызматты аркалап, ары-бери басып жөн жүргөн болбойт. Иштебесеңер чараларды көрөбүз. Мындай талап менен иштей албайм десеңер, ордуңарга иштей турган тажрыйбалуу жаштарды коебуз”, - деди Ташиев.

Мындан көп өтпөй эле бүгүн президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу министрлерден баштап, айыл өкмөттөргө чейинки мамлекеттик кызматкерлерге кайрылуу жасады. Анда өлкө башчысы Токмок шаарына бөлүнгөн акчаны пайдаланууда келип чыккан көрүнүштү мисал келтирип, жергиликтүү жетекчилердин "подрядчылар" менен биргеликте коррупцияга барганы көрүнүп турганын айтты.

Садыр Жапаров эми сентябрь айынан баштап өлкө боюнча казынадан бөлүнгөн акчага жасалып жаткан иштер, анын ичинде курулуштар, жолдор боюнча адистерден топтолгон комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзөлөрүн эскертти.

“Муну мен жеке өзүм колго алам. Кимде ким уурдаган болсо, он эселеп кайтарасыңар жана камаласыңар. Ошону унутпагыла. Миллион сом уурдап, аны кайра он эселеп кайтарып, андан сырткары түрмөгө түшүү кимиңерге керек? Менимче эч кимиңерге керек эмес болсо керек? Мейли ким болбогула эч кимиңерди аябайбыз. Мурдакы заманыңарды унуткула. Эгер мамлекет төлөп берип жаткан эмгек акыга алымсынбай жатсаңар бизнеске кеткиле. Ошол жактан табасыңар миллиондорду.

Мамлекеттик бардык кызматкерлерге тиешелүү. Биз азыр пайдасын көрүп жаткан кен-байлыктарыбыз чексиз эмес, убактылуу. Баары түгөнөт. Биздин түбөлүктүү келечегибиз туризм жана өндүрүш менен.

Ошондуктан кыска убакыттын ичинде өлкөбүздүн бардык тармактарын оңдоп, түбөлүктүү келечегибизди түзүп алалы. Ушуга жан үрөгүлө", - деп баса белгиледи президент.

Кошумчалай кетсек, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында өлкө казынасына 200 миллиард сомдон ашык акча, 1100дөн көп кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөнү айтылган болчу.