Коррупцияга каршы күрөш: 5 жылда мамлекетке 300 млрд сом кайтарылды — Кабар

Коррупцияга каршы күрөш: 5 жылда мамлекетке 300 млрд сом кайтарылды

Экономика 27 ноябрь 2025 16:07
Коррупцияга каршы күрөш: 5 жылда мамлекетке 300 млрд сом кайтарылды
copyright icon УКМК

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн жыйынтыгында акыркы беш жылда мамлекетке 300 млрд сом кайтарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Тоң райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн мамлекеттик бюджети 700 млрд сомду түзөт жана анын жарымы коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн эсебинен чогултулган.

"Ушул каражаттардын эсебинен республика боюнча масштабдуу курулуштар жүрүүдө. Жолдор, бала бакчалар, мектептер, стадиондор жана ооруканалардын баардыгы ушул каражатка курулуп жатат",- деди Ташиев.