Коррупцияга бөгөт: Республикалык протездик мекемеге 27 камера орнотулду

Коом Загрузка... 06 Июль 2026 11:20
740169732_1707008287300399_5628338592295227054_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде иштин ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында 27 видеокөзөмөл камерасы орнотулду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, коррупциянын алдын алуу жана Санарип кодексинин талаптарын аткаруу алкагында орнотулган бул система өндүрүштүк цехтерди, кампаларды, административдик бөлүктү жана имараттын айланасын толук көзөмөлдөйт.

"Видеокөзөмөл системасы протездерди даярдоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу, чыгымдалуучу материалдарды кабыл алуу жана эсептен чыгаруунун тактыгын көзөмөлдөө, бейтаптардын укуктарын коргоо жана жаралган талаштуу жагдайларды объективдүү чечүү жана ички эмгек тартибин сактоону күчөтүү жана ак ниет кызматкерлердин укугун коргоо максатында орнотулду", - деп айтылат маалыматта.