Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды өздөрүнө белгилүү болгон бардык коррупциялык фактылар тууралуу 1966 түз байланыш ишеним телефону аркылуу билдирүүгө чакырат.
Ведомствонун маалыматына караганда, жарандардын активдүү жарандык позициясы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюунун жана ага каршы натыйжалуу күрөшүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.
"Коррупцияга каршы күрөшүү багытында укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуу үзгүлтүксүз улантылат. Муну менен катар, ведомстводо ички көзөмөлдү күчөтүү, санариптик чечимдерди ырааттуу киргизүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү механизмдерин ачык-айкын өркүндөтүү иштери жигердүү жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Эмгек министрлиги ар бир келип түшкөн кайрылуу мыйзам чегинде кылдат караларын жана купуялуулук сакталарын эскертет.