Бишкек, 21.10.25 /Кабар/. Коргошун өзгөчө жаш балдардын ден соолугу үчүн кооптуу болуп, алардын нерв системасына, акыл-эсинин өнүгүүсүнө жана жалпы физикалык өсүшүнө терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун директору Жаркынбек Касымбеков билдирди.
"Министрликтин жетекчилиги астында биздин институт, медициналык мекемелер, улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте жакшы бир изилдөө жүргүздүк. Атап айтканда Кыргызстандын келечеги болгон балдардын, өспүрүм жана жаштардын канындагы коргошунду изилдеп чыктык.
Жалпыга маалым болгондой, коргошун абдан уулуу зат жана оор металл. Аз болобу же көп болобу баары бир зыянын тийгизет. Аны байыркы доорлордон бери жалтыраган түсүнө, дат баспаган сапатына карап турмуш-тиричиликте колдонуп келишкен. Мисалы, байыркы Римде таттуу даамды алуу үчүн шарап, суусундуктардын ичине салып ичишкен. Ал тургай империянын кулашына дагы коргошундун келтирген зыяны себеп болгон деп изилдөөчүлөр айтышат.
Маалыматтын жоктугунунан улам биз мурунку убактарда чүкөгө кыт куюп байма-бай колдонулуп келген экенбиз. Бүгүнкү күндө дагы инфраструктура тармагында, эмерек, идиш-аяктарда, балдардын оюнчуктарында, боёктордо кездешип келет.
Дүйнөлүк жалпы тажрыйбаны эске алуу менен биз дагы өткөн жылы изилдөө жүргүздүк. Бардык катмарларда жок болгону менен айрым катмарларда бар экен. Муну тынчсызданууга себеп бар деп айтсак болот",-деди ал.