Коргоо министрлигинде кан тапшыруу акциясы өттү

Коом 15 сентябрь 2026 15:55
Коргоо министрлигинде кан тапшыруу акциясы өттү

Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Коргоо министрлигинде кан тапшыруу боюнча акция өттү. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, акция министрликтин борбордук аппаратында уюштурулуп, кызматкерлер кан тапшырууга ыктыярдуу түрдө катышты.

“Иш-чаранын негизги максаты — өлкөдөгү саламаттык сактоо мекемелеринин муктаждыктары үчүн кан жана анын компоненттеринин корун толуктоо болду”, - айтылат маалыматта.