Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. 14-15-майда коргоо министри Руслан Мукамбетов өлкөнүн түштүк-батыш аймагындагы ыкчам-талаа сапарынын алкагында Баткен облусундагы аскер бөлүктөрүндө болду.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр аскер бөлүктөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын абалын, кызмат өтөөнү уюштурууну, аскердик тартиптин деңгээлин, ошондой эле материалдык-техникалык каражаттарды эсепке алуу абалын текшерди.
Ал аскердик инфраструктура объекттерин куруу жана оңдоо иштерине, аскер шаарчаларын инженердик жактан жабдууга, ошондой эле аскер бөлүктөрү менен түзүмдөрүн алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле аскер кызматчылары менен жолугушууларды өткөрүп, командирлердин учурдагы абалын жана көйгөйлүү маселелерин укту. Ошондой эле аскерлердин күжүрмөн даярдыгын мындан ары жогорулатууга багытталган конкреттүү тапшырмаларды койду.