Коргоо элементтери жогору: Кыргызстанда техпаспорттун жаңы үлгүсү ишке кирди

Коом 16 декабрь 2025 11:35
WhatsApp Image 2025-12-16 at 11.04.40.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-16 at 11.04.32 (1).jpeg
photo_5332622942677962295_y.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-12-16 at 11.04.40.jpeg
WhatsApp Image 2025-12-16 at 11.04.32 (1).jpeg
photo_5332622942677962295_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгы

Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Күн мурун Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүнүн (техпаспорттун) жаңы үлгүсүн көрсөттү.

Иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышып, жаңы үлгүдөгү күбөлүк тууралуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана катышуучуларга презентация жасады.

"Эми жарандар жаңы үлгүдөгү транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүн 10 мүнөттүн ичинде ала алышат. Жаңы техпаспорт заманбап стандарттарга толук жооп берип, жогорку деңгээлдеги коргоочу элементтер менен камсыздалган", - деди Туманбаев.

Белгиленгендей, техпаспорт поликарбонат материалынан жасалып, узак мөөнөттүү колдонууга ылайыкташкан жана механикалык, химиялык таасирлерге туруктуу. Документте улуттук оймо-чиймелери бар тунук терезе, DOVID-голограмма, ошондой эле тактилдик коргоочу элементтер камтылган. Маалыматтар лазердик персоналдаштыруу ыкмасы менен жогорку тактыкта түшүрүлөт.