Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Түштүк Кореядагы ири компаниялардын бири KT&G Кыргызстанга адистештирилген төрт унаа берет. Президенттин Иш башкармалыгы менен кореялык компаниянын ортосунда тиешелүү меморандумга кол коюлду.
Эки тараптуу кол коюуга президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талантбек Жунушев жана KT&G компаниясынын расмий делегациясы катышты.
Меморандумга ылайык KT&G компаниясы Кыргызстанга өзгөчө кырдаалдарда жана коомдук тартипти камсыздоодо колдонулуучу төрт адистештирилген унаа берет. Бул техникалар өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында пайдаланылат.
Алгачкы эки унаа 2025-жылдын август айында алып келинери күтүлүүдө.