Кореялык компания Кыргызстанда электр унааларын кубаттоочу станция курууга көмөктөшөт

Коом 24 июнь 2025 13:00
175067924768593ecf52947.png
503756973_18059108168343965_3240302870836713110_n.jpg
510961630_18059108195343965_4125505260669918782_n.jpg
Алдыга
Артка
175067924768593ecf52947.png
503756973_18059108168343965_3240302870836713110_n.jpg
510961630_18059108195343965_4125505260669918782_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. Кыргызстанда электр унааларын кубаттоочу станцияларды куруу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Экономика министрлиги менен Кореянын EVSIS, NGS компаниялары жана экологиялык унаа транспорту ассоциациясынын ортосунда ушул багытта кызматташуу боюнча меморандум түзүлдү.

Меморандумдун максаты – Бишкекте электр унаалар үчүн кубаттоочу станцияларды биргелешип куруу жана өнүктүрүү.

Меморандум төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө багытталган:

  • заманбап кубаттоочу станцияларды түзүү жана иштетүү;
  • абанын сапатын жакшыртуу жана зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтуу;
  • тармактык тажрыйба жана маалымат алмашуу;
  • экологиялык транспорт тууралуу коомчулукка маалымат берүү багыттарын камтыйт.

Долбоордун алкагында корея тарап Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен кызматташып, техникалык окутуу жана стажировкаларды уюштурат.

Бул жергиликтүү адистердин даярдыгын жана кубаттоочу инфраструктураны тейлөө боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.