Бишкек, 19.08.26 /Кабар/. Улуттук статистика комитетине Корея Республикасынын Маалыматтар жана статистика министрлигинин делегациясы келип, биргелешкен долбоордун аралык жыйынтыктары талкууланды.
Статкомдон билдиришкендей, тараптар 2026-жылга карата кызматташуунун негизги багыттарын аныктап, статистикалык маалыматтарды өндүрүү, талдоо жана жайылтуу процесстерине заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө басым жасады.
Долбоордун алкагында статистикалык маалыматтарды жайылтуунун жаңы системасын түзүү, маалыматтарды талдоодо жасалма интеллектти колдонуу боюнча адистерди окутуу жана Улуттук статистика комитетинин маалыматтык-технологиялык базасын заманбап сервердик жабдуулар менен чыңдоо пландалууда.
Долбоор 2024-2028-жылдары Корея өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып, анын жалпы наркы 5 млн доллардан ашат.