Бишкек, 10.07.26 /Кабар/. Кыргызстандын акыркы жылдардагы туруктуу экономикалык көрсөткүчтөрү эл аралык абройлуу финансылык институттардын көңүлүн буруп, өлкөнү тез өнүгүп жаткан экономика катары таанууга негиз берди. Бул тууралуу Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангдже ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.
Дипломаттын айтымында, өлкөдөгү туруктуу өсүш тышкы саясатта жана туризм тармагында чоң секириктерди жаратууда.
"Кыргызстандын экономикасы ыкчам темп менен өнүгүп жатканына күн сайын күбө болуудамын. Борбор калаадагы курулуштардын масштабын көрүп, буга толук ынандым. Бардык аймактарда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Өлкөнүн мындай туруктуу экономикалык өсүшү туризм тармагына да оң таасирин тийгизүүдө. Маселен, Кореядан Кыргызстанга келген туристтердин саны акыркы 3 жылда кескин өстү. Быйыл болсо мурдагы жылдарга салыштырмалуу дагы көп конок келери күтүлүүдө.
Ошону менен бирге, үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнө коомчулугунун өлкөгө болгон кызыгуусун андан бетер арттырууда. Бул маанилүү иш-чараларды утурлай, кореялык журналисттер азыртан эле Кыргызстанга келип, өлкөнүн экономикалык потенциалы жана инвестициялык жагымдуулугу менен жакындан таанышып жатышат. Алдыдагы саммитке жана Көчмөндөр оюндарына Корея Республикасынан атайын расмий делегациялардын келиши күтүлүүдө", - деп билдирди элчи.