Көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт – аба ырайы

Коом Загрузка... 04 Август 2025 09:40
c04be8036df669adcd7a9d7350681171 (1).jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-август күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26...+31, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл облусунда +21...+26, Нарын облусунда +23...+28 градус, ал эми Бишкек шаарында +28…+30, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градуска көтөрүлөт.