Коопсуздук жана көзөмөл: Ысык-Көлдө милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Аймак Жүктөлүүдө... 14 Июль 2026 11:10
746420738_18063633440718141_3114747095536776981_n.jpg
744251207_18063633521718141_8609969509718243369_n.jpg
744820497_18063633464718141_565561453782026692_n.jpg
745341999_18063633509718141_3411885781926893870_n.jpg
745476940_18063633482718141_2672803773963327079_n.jpg
746003090_18063633449718141_8090437733128244923_n.jpg
746027832_18063633512718141_3568070279651622578_n.jpg
746058191_18063633467718141_1546222907744114711_n.jpg
746058453_18063633506718141_6666681097987418272_n.jpg
746058756_18063633485718141_3048137957916567568_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ысык-Көл ОИИБ

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө туристтик сезон учурунда коопсуздукту камсыздоо жана сууда кырсыктардын алдын алуу максатында Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Облустук милициядан билдиришкендей, алар көл жээгиндеги эс алуучулар жана туристтер менен түздөн-түз жолугуп, атайын маалыматтык баракчаларды таратууда.

Милиция кызматкерлери суу жээгиндеги жаш балдар дайыма чоңдордун көзөмөлүндө болушу шарт экенин эскертишүүдө.

Ошондой эле мас абалда сууга түшүүгө такыр жол берилбей турганын, сууга түшүүгө тыюу салынган же кооптуу деп белгиленген жерлерде сүзбөө керектиги жана өз өмүрүнө жана жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин белгилешүүдө.