Коопсуздук боюнча эксперт: Жалган митингди жылмаюу менен гана кабыл алдым

Пикир 08 Апрель 2025 15:32
1074607591_57_0_2747_1513_1920x0_80_0_0_7e391f4aa172d3f38341575f3b202b17.jpg
07e219caf17f2f977f7beda57b08cbac_XL.jpg
Алдыга
Артка
1074607591_57_0_2747_1513_1920x0_80_0_0_7e391f4aa172d3f38341575f3b202b17.jpg
07e219caf17f2f977f7beda57b08cbac_XL.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Коопсуздук боюнча эксперт Эдил Марлис уулу активисттердин Бишкектеги митингдерге чыгууга чакырып, ал чакырыктарына эч ким көңүл бурбай койгонуна өзүнүн өзүнүн пикирин билдирди.

«Эски өкмөттүн аянтында, менин билгеним боюнча, жаздын шамалы гана ойноп жүрөт. Бирок эки активист, бири Европада, экинчиси Америкада жатып алышып, Бишкектин тургундарын массалык түрдө эл чогулуп жатат деп нааразычылык акциясына чыгууга чакырып жатышат.

Өзү чет өлкөдө жүргөн адамдын болбогон митингге чыгуу чакырыгын провокация деп эсептейм. Алар баңгизатын чегип алган, же кандайдыр бир заттардын таасири астында же өзүнүн иш-аракеттерине жооп бере албай, чындык менен байланышын жоготкон абалда.

Эки учур тең акыл-эси айныганынын белгиси, аларга тийиштүү адистердин көңүл буруусу талап кылынат. Албетте, алардын аккаунттары бузулган деп дагы божомолдосо болот. Митингдин болушу өтө күмөндүү деп ойлойм. Ошондуктан, эң туура кадам – бул жасалма митингди жылмаюу менен гана кабыл алуу керек ”, - деди Эдил Марлис уулу.