Коомдук жайда тамеки тартпаңыз! Рейддер жүрүүдө

Коом
Коомдук жайда тамеки тартпаңыз! Рейддер жүрүүдө

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзамдын сакталышын текшерүү боюнча рейддер өткөрүлүп, эреже бузгандарга айып салынды.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, текшерүүлөр кафе-ресторандарда, соода борборлорунда, сейил бактарда жана коомдук транспорттун аялдамаларында жүргүзүлдү.

Рейд учурунда коомдук жайларда тамеки, кальян жана электрондук тамекилерди колдонуу, ошондой эле аларды сатуу эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Коомдук жайда тамеки тартпаңыз! Рейддер жүрүүдө

Натыйжада мыйзам талаптарын бузган жеке жана юридикалык жактарга карата протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды. Ошондой эле кафе-ресторандардын жана соода жайларынын жетекчилерине кальян жабдууларын демонтаждоо боюнча эскертүүлөр берилди.

Мэрия мындай рейддер мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлөрүн билдирди.