Коомдук жайда тамеки чеккени үчүн ИИМ башчысына айып салынды

Укук тартиби 1162 23 Март 2026 13:31
WhatsApp Image 2026-03-23 at 10.22.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 10.22.45 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 10.22.45 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-03-23 at 10.22.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 10.22.45 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-03-23 at 10.22.45 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбековго коомдук жайда тамеки чеккени үчүн айып салынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, социалдык тармактарда министрдин коомдук жайда тамеки чегип жаткан видеосу тараган.

Бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте протокол түзүлүп, Улан Ниязбеков 3 миң сом айып пул төлөдү.

Министрликтен белгилешкендей, мыйзам талаптарын так сактоо кызмат ордуна карабастан бардык жарандар үчүн милдеттүү.