Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда парламент эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна Алмаз Имангазиевдин талапкерлигин карады..
Жыйында талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Алмаз Имангазиевдин талапкерлигин эл өкүлдөрү жактырып, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.
Беьгилей кетсек, буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Алмаз Имангазиевдин талапкерлигин жактырган.