Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңеш юстиция министринин кызмат ордуна Алмаз Айылчиевдин талапкерлигин карады.
Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Алмаз Айылчиевдин талапкерлигин эл өкүлдөрү жактырып, юстиция министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.
Белгилей кетсек, буга чейин тармактык комитет анын талапкерлигин жактырган.