Коомдук транспортту колдонуңуз! Бишкек мэриясы анимациялык ролик жарыялады

Коом Загрузка... 26 Сентябрь 2025 18:04

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаар тургундарын коомдук транспортту активдүү колдонууга чакырган кыска анимациялык ролик жарыялады.

Мультфильмде автобус менен жүрүү төмөнкү артыкчылыктарга ээ экени баса белгиленет:

  • Ыңгайлуу – маршрутту ашыкча кечигүүлөрсүз пландаштырууга болот;
  • Үнөмдүү – жеке автоунаага караганда арзаныраак;
  • Экологиялык таза – абага чыккан түтүн азайып, айлана-чөйрөгө зыян азыраак тиет.

Борбор калаанын бийлиги коомдук транспортту өнүктүрүү Бишкектеги тыгындарды азайтуунун жана экологиялык абалды жакшыртуунун негизги чараларынын бири экенин эскертти.