Бишкек, 24.11.25 /Кабар/. Чет өлкөгө караганда Кыргызстанда иштөө жеңил жана шарттар жакшы. Бул тууралуу №11 автобус каттамынын айдоочусу Кубанычбек Усупов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, коомдук транспорт айдоочулары үчүн эң негизги кыйынчылык жол тыгындары. Бирок, жалпы шарттар жакшырып, айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
“Мурун Россияда да коомдук транспорттун айдоочусу болуп эмгектенчүмүн. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда анчейин деле айырма жок. Азыр Россияда да иштөө кыйындап калды. Өзүм чет жакта жүргөн тааныштарга “Келгиле, өзүбүздүн өлкөдө иштегиле” деп айтып келем. Кыргызстанда иштөө жеңил, элиң, жериң баары жаныңда. Автобустар да жаңы, ыңгайлуу. Эгер бузулуп калса, адатта жөнөкөй гана бир тетиги бузулат”,- деди Усупов.