Коомдук транспорт айдоочуларынын маянасы 50 миң сомдон башталат - айдоочу

Коом Загрузка... 24 Ноябрь 2025 16:32

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.25 /Кабар/. Коомдук транспорт айдоочуларынын айлык маянасы орточо 50 миң сомду түзөт. Бул тууралуу № 11 автобус каттамынын айдоочусу Кубанычбек Усупов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрым учурда 50 миң сомдон көп да табууга болот. Ал үчүн кошумча нөөмөткө чыгуу керек. Эгер экинчи нөөмөттөгү айдоочу жумушка чыкпай калса же бош орундар пайда болсо, анын ордуна иштеп, кошумча киреше тапса болот.

“Эгер иштеп турсаң, туруктуу түрдө 50 миң сом маяна аласың. Бизде атайын Мониторинг бөлүмү бар. Автобустардын ичиндеги камералар аркылуу жүргүнчүлөрдүн саны көзөмөлдөнөт. Ошонун негизинде айдоочуга күнүмдүк план берилет. Ал планды толтурбай калуу дээрлик болбойт. Бир күн иштебей калсаң, эс алуу күнү чыгып иштеп, планды толуктап койсоң болот,” - деди Усупов.