Бишкек, 15.05.26 /Кабар/. 18-май Ош облустук көркөм сүрөт музейинде Эл аралык музейлер күнү салтанаттуу белгиленет.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, быйылкы майрамдын негизги темасы – "Музейлер бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик".
Майрамдык иш-чаралар саат 12:00дөн 21:00гө чейин уланып, шаар тургундары жана коноктору үчүн бай жана кызыктуу маданий программа сунушталат.
Иш-чаранын алкагында:
- ачык эшиктер күнү;
- сүрөт жана кол өнөрчүлүк жарманкеси;
- оюн-зоок аймактары;
- жаңы көргөзмөлөрдүн ачылышы;
- жандуу музыкалар уюштурулат.
Майрамдын негизги максаты – музейлердин коомдогу ролун даңазалоо, маданий мурастарды кеңири жайылтуу жана ар түрдүү муун өкүлдөрүн искусство аркылуу бириктирүү.
Уюштуруучулар бардык каалоочуларды Эл аралык музейлер күнүн биргеликте белгилеп, маданият дүйнөсүнө саякат жасоого чакырат.