Конституциялык сот Ошто көчмө окутууларды өткөрүүдө

Аймак Загрузка... 27 Январь 2026 11:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Конституциялык сот

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Ош шаарында Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаевдин катышуусунда көчмө мектептер уюштурулду.

Соттон билдиришкендей, иш-чарага ошондой эле судьялар Чынара Айдарбекова менен Мээргүл Бобукеева катышты.

Билим берүү иш-чаралары эки кесиптик аудитория үчүн уюштурулуп, биринчи мектеп Ош мамлекеттик университетинин базасында өттү. Ал ОшМУнун жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридикалык факультеттеринин окутуучуларын камтыды. Экинчи мектеп Ош облустук сотунда уюштурулуп, Ош жана Жалал-Абад облустарынын облустук жана райондук сотторунун судьялары үчүн өткөрүлдү.

Иш-чаралардын алкагында укуктук мамлекетти өнүктүрүүдөгү конституционализмдин ролу, мамлекеттик бийлик системасында Конституциялык соттун орду, ошондой эле Конституциялык соттун актыларын жана конституциялык укуктун принциптерин сот ишмердүүлүгүндө колдонууга байланышкан практикалык маселелер талкууланды.

Демилге өлкөдөгү укуктук маданиятты жогорулатууга жана конституциялык баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган.