Туризмди өнүктүрүү – учурда өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү багыттардын бири болууда. Бул багытта инфраструктураны жакшыртуу, жолдорду оңдоо, шарттарды түзүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул процессте жергиликтүү тургундардын орду өзгөчө. Алар туристтерге кыргыз элинин меймандостугун таанытууда чоң роль ойнойт.

Бүгүнкү каармандарыбыз Каркыра жайлоосундагы Аида Жумадылова жана анын үй-бүлөсү. Жубайлар 18 жылдан бери мал багып, кымыз, курут жасап, келген конокторго жайлоонун кооздугун жана кыргыз элинин меймандостугун көрсөтүп келет. Алар беш уулдун сүйүктүү ата-энеси.

Аида айым унаабыз токтой электе алыстан жылмая карап, бизди жылуу маанайда тосуп алды. Колуна кымыз куюлган чынысын кармап, дароо сунуп, акчасын да сураган жок.

Аида айымдын жаркыраган жүзү, меймандостугу жана кең пейилдиги келген конокторду өзүнө тартып турат.
Келгендерге "эмнеге келдиң?" деген суроону узатпастан, дароо дасторконун жайып, ар бирине самоордо кайнаган ысык чайынан сунат. Кымыз, курут, каймак, жарма, сары май – баары өз колу менен даярдалган. Ар бир конокко өзгөчө мамиле жасап, жылуулук тартуулайт.

Чынын айтсам, мындай адамды чанда жолуктурасың. Көбүнчө кайсы азык канча сом экенин айтып, баасын тактап турушат эмеспи. Аида айымдан “бир чыны кымыздын баасы канча?” деп сураганыбызда, “бекер” деп күлө жооп бергени мени эле эмес, жанымдагы кесиптештеримди да таң калтырды.

“Биз 18 жылдан бери элдин малын алып, ушул жайлоого чыгып, эмгектенип келебиз. Уй саап, сүт, айран жасайбыз. Бээ байлап, кымыз даярдайбыз. Күнүнө төрт маал 13 бээни саайбыз. Жылдан-жылга бул жакка келген туристтердин саны өсүүдө. Чет элдиктер эле эмес, өлкөбүздүн ар кайсы дубандарынан келген коноктор, жергиликтүү тургундар да көп. Келип биздин жупуну жашообузду көрүп, кызыгып, суктанып кеткендер арбын. Жакында эле жарык өчүп, кирди кол менен жууп жатсам, туристтер көрүп таң калып, сүрөткө тартып кетишти”, - деди Аида айым.

Анын меймандостугу менин эсимде калгандай эле, жайлоого келген ар бир адамдын эсинде узак убакыт сакталып калса керек.
Аида айымдын мындай мээримдүү мамилеси - жөн гана меймандостук эмес, бул кыргыз элинин жүзү. Ал ар бир мейманды төрүнө чыгарып, таза, табигый азыктарды сунуп, адамды жылуу кабыл алуунун эң жакшы үлгүсүн көрсөтөт. Анын үйүнө келген ар бир адам, кайра кайтып келет. Анткени, Аида айым тартуулаган меймандостук – жөн гана дасторкон толо тамак эмес, бул – жылуу сөз, жүрөктөн чыккан сый.

Мындай мисалдар дагы көп болсо, Кыргызстан жакынкы келечекте эл аралык деңгээлдеги туризм борборлорунун бири болору шексиз.