Конгодо кеме оодарылып, кеминде 41 адам каза болду

Дүйнө 25 сентябрь 2026 09:10
Конгодо кеме оодарылып, кеминде 41 адам каза болду

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Конгонун Танганьика көлүндө кеме оодарылып, кеминде 41 адам каза болду. Бул тууралу Sky News телеканалына таянып, Известия билдирди.

Маалыматка караганда, кеме Танзаниянын Кигома шаарынан Конгонун Танганьика провинциясындагы Калемие шаарына багыт алган. Жолдо бара жаткан учурда кеме оодарылып кеткен.

Провинциянын транспорт министри Норрис Мулонгойинин айтымында, кырсык болгон учурда кемеде 100гө жакын адам жана жүк болгон.

Куткаруучулар кырсыктан кийин 49 адамды таап, эвакуациялашкан. Ошол эле учурда каза болгондордун саны кеминде 41 адамга жеткени маалымдалды. Издөө-куткаруу иштери улантылууда.

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Жергиликтүү бийлик окуянын чоо-жайын тактоо жана дайынсыз болуп жаткандарды издөө иштерин улантууда.