Концерт, спорттук таймаштар, жарманке. Манас шаарында Нооруз майрамы уланууда

Аймак 21 Март 2026 14:30
1.jpg
2.jpg
655484645_122121707163138108_2896860907140342444_n (1).jpg
655484645_122121707163138108_2896860907140342444_n.jpg
655484657_122121707475138108_246548303821825679_n.jpg
655579770_122121707301138108_2838383757930429743_n.jpg
655672148_122121707517138108_7922906376160625299_n.jpg
656077366_122121707565138108_6348384852911622852_n.jpg
656249445_122121707433138108_5916952026508932207_n.jpg
656568249_122121707343138108_3221005802793745133_n.jpg
656625750_122121707385138108_737554647647134034_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Манас шаардык мэриясы

Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 21-мартта Манас шаарынын борбордук “Азаттык” аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Майрамдык иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, мэр Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мэр Абдупата Маткаликов шаар тургундарын жана конокторун Нооруз майрамы менен куттуктап, бул күндүн маанисине токтолду.

"Нооруз – бул жөн гана майрам эмес, табияттын жаңылануусун, ата-бабалардан мурас болуп келген нарк-насилдерибизди жана ыйык салт-санаабызды даңазалаган өзгөчө күн. Бул күнү жер жанданып, айлана-чөйрө жаңыланып, ар бир адамга жаңы үмүт, жаңы дем тартуулайт. Кыштын катаалдыгы артта калып, жаздын жылуу илеби жүрөктөрдү жарыкка, жакшылыкка жетелейт. Ар бир үйгө кут конуп, дасторкондор ырыс-берекеге толсун! Жыл бою кубаныч, ийгилик жана молчулук коштосун! Жаштарыбыз билимдүү, келечеги кең болуп, улуу муунга болгон урмат-сыйыбыз арта берсин", – деди ал.

Майрамдык иш-чара концерттик программа, сахналаштырылган көрүнүштөр, жарманке жана спорттук оюндар менен коштолду.

Кошумчалай кетсек, бүгүн 18:00дө майрамга карата белгилүү эстрада жылдыздарынын коштоосунда гала-концерт өтөт. Баарыңыздарды күтөбүз!