Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Мисузу Огата учурда Кыргызстанда Оймо Япон ишканасын жетектеп келет. Анын компаниясы кол өнөрчүлөр менен иштешип, улуттук буюм жана кийимдерди, сувенир, аксессуарларды Японияга сатыкка жиберет.

Япон кызынын Кыргызстанга келгенине 5 жылдан ашты. Ал JICA`нын ыктыярчысы катары мектепке мугалими болуп иштемекчи болуп, кыргыз тилин үйрөнүү зарылдыгы жаралган.
“Кыргыз тилин үйрөнүү жеңил болгон жок. Эң кыйын жери мен өзүм айткым келген сөздөрдү так айта албаганда аябай кыйынчылык болгон. Бирок сөздөрдү жаттап, аларды эркин колдонуп баштаганда жакшы жардамы тийди. Мен кыргыз тилин япондор үчүн даярдалган атайын китептен окуп баштагам. Алгач тамгаларды тааныдым. Кыргыз тили мугалимибиз күнүгө күндөлүк жазгыла деп айтчу. Күн сайын ондон ашык сөздү жаттап, грамматиканы окуп, мугалимдердин аудио жаздырууларын угуп жүрдүм. Бир күндө кыргыз тилине он саат убакыт бөлүп турдум. Анан мен кыргыз тилин үйрөнгөндөн кийин Чүй облусундагы мектептердин биринде балдарга дене тарбия сабагын өттүм”, - деди Мисузу.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө комуз черткенди да үйрөнүүгө аракет жасап жатканын, муну менен катар япон кызы кыргызча созолонто ырдап да баштаганын кубануу менен айтты.

“Кыргыз тили Кыргызстанга өз алдынча жашаганга, тажрыйба топтогонго пайдасы көп тийип жатат. Тилди билгеним үчүн жашоом күн сайын кызыктуу өтүп жатат десем болот. Бир жарым жылдан бери комузду черткенди үйрөнүп жатам. Күнүгө комуз чертип машыгам. Жакында эле кыргыз тилинде ырдайын деп чечип, аны да үйрөнүп баштадым. 26-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Жапон-Кыргыз кайрыктары” аттуу достук концертке даярданып жатабыз. Ал иш-чарада ырчы Гүлүм Касымбаева менен “Достук ыры” аталышындагы чыгарманы бирге аткарабыз”, - деп белгиледи Мисузу.