Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарынын жаңы борбордук базарында жүргүзүлгөн рейд учурунда сатуудан алынуучу салыкты децентралдаштыруу (борбордон ажыратуу) боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну сунуштады.
Ведомстводон маалымдашкандай, Шыкмаматов бул чара көмүскө экономиканы кыскартып, контрабандалык товарларга жана көмүскө схемаларга каршы күрөшүүнү күчөтөрүн белгиледи. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын кирешесин көбөйтөт.
Алмамбет Шыкмаматов долбоорду алгач Ош шаарында ишке ашырууну сунуштады. Анда сатуудан алынуучу салыктан түшкөн каражаттын 50 пайызы жергиликтүү бюджетке, 50 пайызы мамлекеттик бюджетке бөлүнөт.
"Мындай долбоордун максаты – жергиликтүү бийлик органдарына бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө дем берүү. Шаарлардын мэрлери салыктык кирешелердин өсүшүнө кызыкдар болуп, бул өз кезегинде көмүскө экономика менен күрөшүүгө оң таасирин тийгизет.
Салык кызматынын төрагасы эгер пилоттук долбоор Ош шаарында ийгиликтүү ишке ашса, анда бул тажрыйбаны өлкөнүн башка шаарларына да жайылтылууга болорун баса белгиледи.